Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Райкан Төлөгөновдун саламаттыгы начардыгы айтылууда


Бул тууралуу анын уулу Иса Төлөгөнов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, УКМКнын тергөө абагында жаткан атасы ден соолугунун начарлашына байланыштуу №47 колонияга убактылуу которулуп, медициналык кароодон өткөн:

- Ал жактан текшерүүдөн өтүп, доплерге түшкөн. Доплер атамдын уйку артериясында шишик бар экенин көрсөткөн. Бирок ага карабай, кечээ УКМКнын кызматкерлери келип, кайра тергөө абагына алып кетишиптир.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен азырынча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан мурдагы депутат Райкан Төлөгөнов 2010-жылкы мародерчулук боюнча айыпталып, быйыл март айынын этегинде камакка алынган. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Райкан Төлөгөновдун үстүнөн соттук териштирүү Биринчи Май райондук сотунда өткөн жумада башталган. Бүгүнкүгө белгиленген сот жараяны жабырлануучулар жана күбөлөр келбегенине байланыштуу 7-июлга жылдырылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG