Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Сауд Аравияда тактынын жаңы мураскери аныкталды


Мухаммад бин Салман.
Мухаммад бин Салман.

Сауд падышасы Салман ханзаадалыкка уулу Мухаммад бин Салманды дайындады. Бул тууралуу падышанын мамлекеттик SPA агенттиги тараткан жарлыгында айтылат.

Мунун менен тактынын мураскерлигинен падыша Салмандын бир тууганынын баласы, 57 жаштагы Мухаммад бин Наиф четтетилди. Ал эми ханзаадалыкка келген Мухаммад бин Салман 31 жашта. Ал дароо эле премьер-министрдин орун басарлыгына да дайындалды жана коргоо министри кызматын да сактап калат.

Дубайдагы “Ал-Арабия” телеканалынын маалыматына караганда, тактынын жаңы мураскери бул маселени чечүүчү атайын кеңеште жактырылган.

Мураскердин алмаштырылуусу үчүн кеңештеги 34 адамдын 31и добуш берген. (UE)

XS
SM
MD
LG