Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:54

Кыргызстандагы активдүү жаштар саясий кырдаалды талкуулашты


7-апрель, 2017-жыл (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
7-апрель, 2017-жыл (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

“Кыргызстандагы активдүү жаштар мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликти колго алышыбыз керек”. Мындай чакырык бүгүн "Жаңы муун" саясий кыймылынын Бишкекте өткөн республикалык конгрессинде айтылды. Анда жаштар алдыдагы ар кандай саясий жараяндарда, шайлоодо курал болуп калуудан оолак болууну, биригүү жолдорун, чек ара маселесин жана азыркы саясий элитанын абалын талкуулашты. Аталган кыймылдын мүчөсү Мавлян Аскарбеков жаштарды келечек үчүн биригүүгө үндөдү.

- Эртең биз жашай турган мамлекеттин келечегин бүгүн ойлонбосок биз эле эмес, биздин балдар, биздин мекенибиздин келечеги жокко эсе. Ошондуктан улам-улам чаалыкпай чакырып, жаңы адамдарды, лидер балдарды чакырып сүйлөшүүгө үгүттөп жатабыз.

Биздеги калктын 42% 20 жаштан 24 жашка чейинки жаштар түзөт. “Жаштар жана мамлекеттик саясат” долбоорунун алкагында өлкөдөгү жаштар саясаты жөнүндө изилдөө жүргүзүлгөн.

Долбоордун өкүлү Бермет Алишер кызы изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, көпчүлүк саясий партиялардын жаштар канаты болгону менен партиялар келечектин кадрларын өстүрүүгө, жаш лидерлердин дараметин жогорулатууга кызыкдар эместигин “Азаттыкка” берген маегинде билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG