Эл аралык биржаларда 20-июнь күнү соодада кара май баасы 2% жакын арзандады жана бул быйылкы жылдагы эң жогорку көрсөткүч.
Былтыркы жыл ичи баррелине баасы 40-55 доллардын аралыгында болгон кара май кечээ АКШ менен Европанын биржаларында сортуна жараша 43-46 доллардын ортосунда бааланды.
Азия биржаларында бүгүн эртең мененки соодада деле баа көтөрүлгөн жок.
Азыркы арзандоого Кошмо Штаттарда жана башка жерлерде кара май өндүрүштүн көрсөткүчтөрү жогорулаганы тууралуу маалыматтар түрткү берди.
Бааны кармоо үчүн буга чейин Орусия жана ОПЕК өлкөлөрү өндүрүш көлөмүн белгилүү бир деңгээлде кыскартууга да барышкан эле.
Мунай баасынын аразандашы өз кезегинде биржалык индекстерди да ылдыйлатты. АКШ, Европа, Азиянын биржаларында төмөндөө 0,6% 1% чейин болду. (UE)