22-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;
Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 25…30 градус ысык болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15 градус жылуу болот.
Бишкекте 22-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 32…34 градус ысык болот.