Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

"Ата Мекен": Өмүрбек Текебаевдин ишинде 8-том бар экени бүгүн белгилүү болду


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишинде 8-том пайда болгону тууралуу адвокаттар алгачкы жолу кабардар болуп жатышканын Текебаевдин ишенимдүү өкүлү Канатбек Азиз билдирди:

- Азыр эле сотто Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча адвокаттарга жана айыпталуучуларга белгисиз 8-том бар экени анык болду. Анын буга чейин кайда болгонун адвокаттар сурашканда, судья Айбек Эрнис уулу бул томдо карап чыгууга тийиштүү болгон анчейин деле маанилүү документтер жоктугун айтты. Буга адвокаттар каршы чыгып, бул том менен таанышып чыгуу үчүн убакыт сурашты.

Натыйжада судья адвокаттарга 8-том менен таанышып чыгуу үчүн бир күн, тагыраак айтканда эртеңкиге чейин убакыт берген. Текебаев менен Чотоновдун соттук териштирүүсү 22-июнда уланат.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, Текебаевдин иши сотко өткөндө эле 8 том болчу:

- Бул кылмыш иши сотко өткөндө эле 8 том болуп берилген. Адвокаттар 8 том бар экенин билишкен жана бул тууралуу аларда маалымат болгон. Жадагалса алардан Марат Эшперов, Бакыт Жумашев, Искен Афиджанов 8 томдун бардыгы менен таанышып чыккан. Бул кадамды ишти создуктуруу максатында атайын ар кандай шылтоолорду издеп жатат деп бааласак болот.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясынын иши боюнча коррупцияга айыпталып, быйыл 26-февралда кармалган. Бул ишке тиешеси бар деген жүйө менен экс-министр Дүйшөн Чотонов да кармалган. Экөө тең азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турушат. Оппозициячыл саясатчылар өздөрүнүн айыпталуусун бийликтин саясий куугунтугу катары сыпаттап келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG