Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

Атамбаев Орусиядагы диаспора өкүлдөрү менен жолугушууда

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Москвада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуп жатат. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, 250 кишинин катышуусундагы жолугушуу суроо-жооп форматында өтүүдө. Атамбаев жетектеген кыргызстандык делегациянын Орусияга беш күндүк мамлекеттик сапары 19-июнда башталган. Сапар жүрүшүндө орус президенти Владимир Путин, премьер-министр Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Путин менен сүйлөшүүлөр артынан эки тараптуу бир нече документке, анын ичинде Кыргызстандын Орусияга тышкы карызын жоюу тууралуу протоколго, союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине кол коюлган.

Атамбаевдин сапары Москвадан кийин Татарстан менен Башкырстанда уланат.

Сапар алкагында Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрү 20-июнда Кремлде концерт менен ачылды. (NT/AzK)

XS
SM
MD
LG