Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Фарид Ниязов КСДП төрагасынын орун басары болуп дайындалды


Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов.
Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов.

Тиешелүү чечимди Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши 21-июндагы жыйынында кабыл алганын Фарид Ниязов билдирди. Ал төраганын орун басарлыгы кызматы менен чогуу аталган партиянын шайлоону уюштуруу комитетинин төрагасы милдетин да аткарат.

Ф.Ниязов 2015-жылдын 7-октябрынан 2017-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратын жетектеген. Кызматтан кеткенден кийин президенттин расмий кеңешчиси болуп дайындалган.

Май айында кайра бул кызматтан бошоп, мамлекет башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон жана Социал-демократиялык партиянын талапкеринин штабын башкарарын жарыялаган.

Фарид Ниязов 2011-жылкы президенттик шайлоодо да Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабын жетектеген. (NT)

XS
SM
MD
LG