Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Президент Алмазбек Атамбаев шайлоону таза өткөрүүгө убада берди


Мамлекет башчы бул тууралуу Орусияда кыргызстандык мигранттар менен жолугушуу учурунда айтты. Президент Атамбаев шайлоону бузам дегендерге катуу чаралар көрүлөрүн билдирди:

- Тынч өтөт, ачык айтайын. Эгер кандайдыр бир оюндарды жасайм, бирдеме кылам дегендер чыкса, камайбыз. Башкача мамиле кылабыз. Эгерде жеңем десе жеңсин. Бардыгына бирдей шарт түзүп беребиз. Мен бир топ шайлоолорго катышкам. Мага да беш мандат беребиз, алты мандат беребиз деп айтышкан. Шайлоо жагынан камырабагыла, биз Кыргызстанда таптаза өткөрүп беребиз.

Президент Алмазбек Атамбаев Орусияда беш күндүк сапар менен жүрөт. Мамлекет башчы Орусиянын президенти, премьер-министри менен жолугушуп, бир катар документтерге кол койгон. 21-июнда кыргызстандык мигранттардын өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстандын ички-тышкы саясаты, шайлоо жана башка маселелер боюнча мигранттардын суроолоруна жооп берди.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Башкаруучу партия - КСДПдан азыркы өкмөт башчы президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн.(ZKo/LzT)

XS
SM
MD
LG