Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Орусиядагы мамлекеттик сапары учурунда 21-июнда Москвада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты:
- Жакында эле Астанада Өзбекстан президенти менен сүйлөштүм. Мирзиеёвди он жылдан бери тааныйм. Тажикстандын президенти менен да сүйлөштүм. Буюрса, кандайдыр бир жыйынтык чыкканы турат. Менин албетте үмүтүм бар, кеткенче жок дегенде биринчи келишимдерге кол коеюн деген. Ушул жерден ачык айтайын, кээ бир жерлер убагында кетип калган. Кеткени менен ратификация болгон эмес деп айтып жатпайбы. Ар бир участок ратификация болбойт, 50-100 тилке чогулуп дүңүнөн өтөт. Ошондуктан, бир эле жолубуз калды. Айла жок, азыр "макул болору болду, бирок жок дегенде бизге ордуна башка бир жер бергиле" деп айтып жатабыз. Анткени бул жалгыз жол деген. Ушундай соода жүрүп жатат. Эгерде Кудай колдосо, Шавкат Миромоновичке да, Эмомали Шариповичке да айттым, мен кеткиче кол коюп кетейин деп. Менде эрк бар, кол коюп бериш үчүн. Бирок биздин кызыкчылыкты эске алуу менен.
Президент менен жолугушууга Орусиядагы 250 кыргызстандык катышып, ал суроо-жооп форматында өттү. Атамбаев жетектеген кыргызстандык делегациянын Орусияга беш күндүк мамлекеттик сапары 19-июнда башталган. Сапар жүрүшүндө орус президенти Владимир Путин, премьер-министр Дмитрий Медведев менен жолугушту.
Путин менен сүйлөшүүлөр артынан эки тараптуу бир нече документке, анын ичинде Кыргызстандын Орусияга тышкы карызын жоюу тууралуу протоколго, союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине кол коюлду. Атамбаевдин сапары бүгүн Татарстанда, андан кийин Башкырстанда уланат.
Сапар алкагында Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрү 20-июнда Кремлде чоң концерт менен ачылды. (NT)