Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Ананьеводогу жарылууда күйгөндөрдүн бирөө каза болду

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Жабырлануучунун денесинин 100% күйүп калган эле. 

Жарылууда жабыркаган дагы үч киши Чолпон-Атадагы аймактык оорукананын реанимация бөлүмүндө, алардын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал эми хирургия бөлүмүндө дагы үч киши бар, алардын абалын да дарыгерлер туруктуу оор деп айтышты. 

23-июнь күнү аталган ооруканага Бишкектен атайын адис барып, консилиум өткөрөт. Жараат алгандарды Бишкекке которуу маселеси алардын жолдо жүрө албаганына байланыштуу кийинкиге жылдырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG