Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:22

Осмонбеков: Орусиядагы мигранттар ишкерге айлана баштады


Мигранттар менен жолугушуу

Бул туурасында Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын өкүлү Кубанычбек Осмонбеков президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан кезде билдирди.

Осмонбековдун айтуусунда, расмий эмес маалыматтар боюнча ишкерлик менен ирденгендер азырынча жалпы мигранттардын 10 пайызын түзөт.

Соңку жылдары ишкерлерге жолтоо болгон уюшкан кылмыш топтордун башчыларынын жок кылынышы аларга чоң колдоо болгонун айткан Осмонбеков Орусиядагы ишкерлер Кыргызстанга жардам бергиси келерин кошумчалады.

Расмий маалыматтар боюнча ушу тапта Орусияда иштеген кыргызстандыктардын саны 600 миңге чамалуу. Коомдук уюмдар Орусияда кара жумушта, соодада жүргөн кыргызстандыктардын саны миллиондон ашарын айтып келишет. (AzK/ZKo)

XS
SM
MD
LG