Казак парламентинин жогорку палатасы "террорчуларды" жарандыктан ажырата турган талаштуу мыйзам долбоорун колдоду. Сенат 22-июнда добуш берген мыйзамга президент Нурсултан Назарбаев кол коюшу керек. Парламенттин төмөнкү палатасы бул мыйзамды май айында жактырган.
Мыйзамга ылайык, террорчулукка барган, президентке кол салууга же конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган, өлкөнүн кызыкчылыгына коркунуч жараткан адамдар жарандыктан ажыратылат. Айрым казак активисттери бул мыйзам бийликке сынчыл көз караштагы жарандарды куугунтуктоого жол ачат деп билдиришкен.