Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Кыргыз-тажик чек арасын бекемдөө маселеси курч


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Орусияда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолуккан учурда билдирди. Мамлекет башчы Орусиянын Канттагы аба базасын кеңейтүүнүн зарылдыгы жоктугун, андан көрө Тажикстан менен чек ара аймагына аскер базасы курулса максаттуу болорун белгиледи:

- Бул маселени орус тарапка мурда эле айткам. Канттагы базаны дагы кеңейтүүгө уруксат бербейм, андан көрө Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына чогуу куралы деп айткам. Анткени, ал тарап кооптуураак.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев ушул күндөрү Орусияда жүрөт. Ал орус президенти Владимир Путин, өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлду. 21-июнда мигранттардын өкүлдөрү менен жолугушуп, бир катар суроолоруна жооп берди.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл күзүндө аяктайт. Ал кийинки шайлоого барбасын, мураскер даярдабасын билдирген.(AzK/ZKo)

XS
SM
MD
LG