Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Брюсселде террорчулукка шектелген төрт адам кармалды


Бельгиянын полициясы
Бельгиянын полициясы

Бельгиянын баш калаасы Брюсселде бул аптада ишке ашпай калган бомба чабуулу боюнча төрт адам кармалды.

Федералдык прокуратура 22-июнда билдиргендей, Брюсселдин кеминде үч конушунда рейддер өткөрүлдү. Бирок полиция кармалгандар тууралуу толук маалымат берген жок.

20-июнда Брюсселдин борбордук станциясында бир киши жардыруу уюштурууга аракет кылган, бирок анын жардыргыч заты иштебей калган. Полиция атып өлтүргөн бул адам 36 жаштагы марокколук жаран деп айтылды.

2016-жылы март айында Брюсселдин аэропортундагы жана метро станциясындагы чабуулдар 32 адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG