Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:45

Президент Атамбаев Орусиянын муфтийи Равил Гайнутдин менен жолугушту


Президент Атамбаев Москвада кыргызстандык мигранттар менен жолугушту. 21-июнь, 2017-жыл

Жолугушуу 22-июнда, Москвадагы башкы мечитте болду.
Мамлекет башчысы Равил Гайнутдиндин жана Орусия мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрүнүн коштоосунда намаз окулчу залды, мечиттин жыйындар залы менен ал жердеги ичиндеги ислам музейин көрүп чыкты.

Андан кийин президент Алмазбек Атамбаев Равил Гайнутдин менен жолугушуу өткөрдү.

Равил Гайнутдин Алмазбек Атамбаевдин келгени чоң сыймык жана колдоо экендигин баса белгиледи. “Сиздин Орусияга мамлекеттик сапар менен келгениңиз абдан маанилүү, ал эми сиздин мечитке келгениңизди боордоштук катары кабыл алабыз. Сиздин Орусия мусулмандарына көрсөткөн колдооңуз деп түшүнөбүз”, - деди Равил Гайнутдин.

Жолугушуу жүрүшүндө эки өлкөнүн мусулмандар дин башкармалыктарынын ортосунда азыркы замандын коркунучтарына, биринчи кезекте радикализмге жана экстремизмге каршы туруу боюнча кызматташуу талкууланды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG