Ооганстандын Гилменд провинциясындагы Лашкаргах шаарында бейшембиде болгон унаа жардыруусунан мерт кеткендердин саны кеминде 29 адамга жетти. Алардын көбү жөн-жай тургундар экенин, 50дөн ашык киши жаракат алганын провинция губернаторунун басма сөз өкүлү Омар Зуак билдирди.
Автоунаа полиция кызматкерлери жана аскерлер айлыктарын алуу үчүн жергиликтүү банкка келген маалда жарылган. Жардыруудан кийин атышуу да болгонун кабарланды. Азырынча эч бир экстремисттик топ бул чабуулга жоопкерчиликти ала элек.
Бул окуя Бириккен Улуттар Уюмунун Кабулдагы миссиясы Ооганстанда кырдаал кооптонуу жаратып жатканын жаңы баяндамасында билдирген учурда болуп олтурат.
Уюм 1-марттан 31-майга чейин коопсуздукка байланыштуу 6252 окуяны каттаган. Өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарында кол салуулар былтыркыга караганда 22 пайызга көбөйгөн.