Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:59

Синоптиктердин маалымдаганы боюнча, 23-25-июнь күндөрү аба ырайы туруксуз болот. 23-июнда айрым, 24-25-июнда көпчүлүк аймактарда чагылган болуп, жаан жаайт. Тоолорго кар түшөт. Нөшөрлөп жааган жаандан айрым жерлерде сел жүрүү коркунучу сакталат.

Шамалдын ылдамдыгы секундуна 17-22 метрге жетет. 24-25-июнда абанын табы төмөндөйт.

23-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17...22, күндүз 32...37 градус ысыйт.

Таласта түнкүсүн 14...19, күндүз 31...36 градус ысык болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 33...38 градуска чейин жетет.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 22...27, тоолуу Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30 градус ысык болот.

Бишкекте 23-июнда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын жаабайт, түштөн кийин өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 20...22, күндүз 34...36 градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG