Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Кыргызстан менен Башкырстандын кызматташтыгы бекемделет


Алмазбек Атамбаев Уфадагы сапар учурунда. 22-июнь, 2017-жыл.
Алмазбек Атамбаев Уфадагы сапар учурунда. 22-июнь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Кыргызстан менен Башкырстандын президенттери Алмазбек Атамбаев жана Рустэм Хамитовдун Уфадагы бүгүнкү жолугушуусунда айтылды. Тараптар түрк тилдүү эки элдин тамыры терең байланышта экенин белгилешти. Мындан ары бардык багыттар боюнча кызматташтыкты чыңдоого аракеттенүү зарылдыгына токтолушту. Атамбаев экономикадагы байланышты өнүктүрүү керектигин айтып, башкыр тарапты Кыргызстанда өтүүчү кийинки көчмөндөр оюндарына чакырды.

Рустэм Хамитов экономикалык кызматташтыктын пайдубалы бардыгын билдирип, рухий жактан жакындашуу да мааниге ээ деген оюн айтты.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Башкырстандын ортосундагы тышкы товар жүгүртүү 2016-жылы 30,7 миллион долларды түздү. ​

Президент Алмазбек Атамбаев жетектеген кыргызстандык делегация Орусиядагы беш күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында Москвадан Уфага бүгүн барды. Ал жерде президентти аккордеон тартышып, ыр жана улуттук даам, чак-чак менен тосуп алышты.

Уфадан кийин президент Казанга барып, Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушмакчы.

Мамлекет башчынын Орусияга сапары 19-июнда башталган.​ Башкырстан менен Татарстан Орусиянын курамындагы республикалар. (AzK/NT)

XS
SM
MD
LG