Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:46

Ооганстандагы жардырууга талиптер жоопкерчилик алышты


Лашгаргах шаарындагы жардыруу

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында кеминде 34 адамдын өмүрүн алган унаа жардыруусуна талиптер жоопкерчиликти алды. Алар Лашгаргах шаарындагы бул чабуулду жанкечтилеринин бири жасаганын билдиришти.

Автоунаа бейшемби күнү полиция кызматкерлери жана аскерлер айлыктарын алуу үчүн жергиликтүү банкка келген маалда жарылган. Жардыруудан кийин атышуу да болгонун кабарланды.

“Мен бул жакка айлыгымды алайын деп келгем. Кезекте турсак, капыстан жардыруу болду. Биз ыйык Рамазан айында мынча көп адамга кол салууга кабылганына нес болуп турабыз”,-деди жергиликтүү өкмөттүн кызматкери, окуянын күбөсү Бахадор Хан.

Жергиликтүү бийлик мерт болгондордун көбү жайкын тургундар экенин, баш аягы 60тай адам жаракат алганын кабарлады. Ооган президенти Ашраф Гани кол салууну айыптап, аны "эч бир динди сыйлабаган адамзаттын душмандары" жасады деп айтты.

XS
SM
MD
LG