Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Миграция эрежелери камтылган китепче чыгарылат


Москва.
Москва.

Бул тууралуу Орусияда беш күндүк мамлекеттик сапар менен жүргөн президент Алмазбек Атамбаев 21-июнда Москвадагы кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Ал Орусияга келе турган жарандарга миграция эрежелери камтылган китепчени бир айда бүтүрүүнү тиешелүү мекемелерге тапшырып, ага акча бөлүп берүүнү убада кылды. Муну менен мигранттарга жолдо келе жатканда өз укуктары тууралуу билүүгө шарт түзүлөрүн белгиледи.

Президент менен кездешүүдө кыргызстандыктар Орусияга өз укуктарын билбей, даярдыксыз келип жатканы айтылды.

Расмий маалыматтарда, учурда сыртта иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 750 миӊдей болсо, анын 616 миӊи Орусияда.

Расмий эмес маалыматтарда Орусияда кыргызстандык мигранттар миллиондон ашары айтылып жүрөт. (NT)

XS
SM
MD
LG