Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Москвада эки кыргызстандык каза болду


Москванын батышындагы Кунцево районунда канализациялык кудукту тазалап жатып беш кызматкер каза болду. Алардын экөө кыргызстандыктар. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянып билдирди. Элчилик кызматкерлери окуя болгон жерге барып, абал менен таанышты. Каза болгон жарандардын тек-жайы бүгүн белгилүү болот.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жумушчулар жер астындагы коммуникацияны курууда техникалык коопсуздук сакталбай, “Мосэкострой” компаниясынын жумушчулары метанга ууланып калганын жазышты. Алардын төртөө окуя болгон жерде, бирөө ооруканага баратканда каза болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG