Жалал-Абад шаардык кеңеши кайрадан бириге албай жатат. Шаардык кеңештин жаны чакырылышынын бүгүнкү күнгө белгиленген алгачкы сессиясына "Өнүгүү-Прогрессс" менен "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары келген жок. Сессияга "Жаңы багыт" көпчүлүк коалициясына кирген КСДП, "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан" жана "Республика" фракцияларынын 18 депутаты катышууда. Депутаттар аларды күтүүгө тыныгуу алышты. Ошондой эле катышып жаткандарга экинчи жолу кайрадан мандаттар тапшырылды.
Буга чейин аларга аймактык шайлоо комиссиясы 19-майда мандаттарын тапшырган. Бүгүн алар төрага жана анын орун басарын шайлап, регламентин бекитмек.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Майрамбек Адылбеков сессияга чакырууну кечээ гана телефон аркылуу укканын жана алгачкы сессияны көпчүлүк коалициянын чакыруусу мыйзамсыз экенин билдирди. Алар КСДП фракциясы менен айрым шарттар боюнча келише албагандыктан азчылыкта калганын айтты.
Мурдагы чакырылыштын депутаттары да ушундай жагдайда алгачкы сессиясына чогула албай өзүн өзү тараткан болчу. Анда КСДП, "Өнүгүү -Прогресс", "Ата-Журт", "Кыргызстан", "Республика - Ата-Журт" партиялары бар болчу. (RsK/KЕ)