Бүгүн Ленин райондук соту “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Саляновага байланыштуу ишти карады. Анда адвокат Чынара Жакупбекова соттун катчылыгына ишенбөөчүлүк көрсөтүү өтүнүчүн экинчи ирет келтирди.
Судья Кубанычбек Касымбеков өтүнүчтү кайрадан канааттандырган жок. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Канатбек Азиз билдирди.
- Алексей Елисеевге окшоп лицензия алган адвокаттарды дагы көрсөтмөсүн кошуп сотко чакырбайлыбы, алар дагы мыйзамдуу алдыбы же жокпу айтып беришсин деп адвокат Чынара Жакупбекова суранган. Судья “биз суракка алганга укугубуз жок” деп жооп берген. Ал эми кагаз түрүндө андай мотив жок, “алар ишке тиешеси жок” деп жазып коюптур. Ошондуктан соттун катчылыгына ишеним көрсөтпөйбүз дегенбиз. Аны дагы сот четке какты. Ошондой эле ишти кайра тергөөгө жөнөткүлө. Бир дагы далил көрсөтүлгөн эмес деп жатабыз.
Соттук отурумда Елисеев түздү делген интернет сайттар туурасында да талаштуу жагдайлар бар экени айтылып жатат. Бул ишке күбө катары мурдагы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева чакырылды. Ал кезде Мамбеталиева Салянованын орун басары болгон. Ал эми адвокаттардын баш прокурор Индира Жолдубаеваны күбө катары чакыруу өтүнүчүн сот четке какты.
Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Анын баш коргоо чарасы өлкөдөн тышка чыкпоо тууралуу тил кат менен аныкталган.
Кийинки соттук отурум 30-июнга коюлду. (КЕ)