Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Атамбаевге башкыр тилиндеги “Манас” эпосу тартууланды


Алмазбек Атамбаев менен Рустэм Хамитов
Алмазбек Атамбаев менен Рустэм Хамитов

Башкырстандын президенти Рустэм Хамитов Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге “Манас” эпосунун башкыр тилиндеги басылмасын тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Эпосту башкыр тилине Орусиянын Илимдер академиясынын Уфадагы илимий борборунун Тил жана адабият институтунун чыгармачыл жамааты которгон. Чыгармачыл жамаат эпостун поэтикасын сактоого, ошондой эле кыргыздардын үрп-адатын, салт-санаасын өзгөртүүсүз берүүгө умтулган.

Президент Алмазбек Атамбаев Башкырстандын башчысы Руcтэм Хамитовго кыргыз элине тартуулаган баалуу белеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жетектеген кыргызстандык делегация Орусиядагы беш күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында Москвадан Уфага 22-июнда барды. Уфадан кийин президент Казанга барып, Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG