Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга жасаган мамлекеттик сапары учурунда кыргызстандык аскерлерди Сирияга киргизүү боюнча сөз болгон жок. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди. Ал бул маселе Орусиянын демилгеси менен ЖККУнун алкагында талкууланганын, андан кийин көтөрүлбөгөнүн айтты.
Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Мамдуманын коргонуу комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов Сирияга мониторинг үчүн Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиргенин жазып чыгышкан. Анда Шаманов Кыргызстан жана Казакстан расмийлери менен бул маселе талкууланып жатканын, акыркы чечим кабыл алына электигин айткан. Мындан соң Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселеде сүйлөшүүлөрдү жургүзбөй турганын билдирип чыкты.
Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров дагы бул маалымат боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип, кыргызстандык аскерлерди Сирияга жөнөтүү боюнча расмий сунуш жок экенин айткан.
- Анда кыргыз куралдуу күчтөрүн жөнөтүү эмес ЖККУнун тынчтык орнотуу контингенти деп коёт, Сирияга куралсыздандыруу аймагына жөнөтүү боюнча суроо көтөрүлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө кайрылуу келип түшө элек. Ошондуктан бул маселе күн тартибинде жок.
Бул маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууланып, интернет колдонуучулар каршы пикирлерин билдиришүүдө.(КЕ)