Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:55

Жалал-Абад курортунда кайрадан талаш жаралды


Жалал-Абад курортунун убактылуу жаңы дайындалган жетекчиси бөлмөсүнө 12-майда кечке жуук милициянын жардамы менен кирген болчу.
Жалал-Абад курортунун убактылуу жаңы дайындалган жетекчиси бөлмөсүнө 12-майда кечке жуук милициянын жардамы менен кирген болчу.

Өткөн айдын башында жумушунан убактылуу четтетилген Жалал-Абад санаториясынын жетекчиси Максат Абышкаев кайра ордуна келип, бирок кызматкерлер аны иш бөлмөсүнө киргизбей жатат.

Бул тууралуу аталган эс алуу жайынан “Азаттык” радиосуна билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-июнда Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын алдындагы Кыргыз курорт туризм башкармалыгынын жетекчиси Абышкаевди кайра ордуна директор кылып дайындаган. Бүгүн ал жумушуна келген соң, айрым кызматкерлер ичкери киргизбей койду. Анын себебин акыркы дайындоолор мыйзамсыз болуп жатканы менен түшүндүрүштү.

Буга чейин ушул жылдын май айында Максат Абышкаев жанан анын үч орун басары санаториядагы каржы мыйзам бузуулары боюнча текшерүү учурунда кызматынан алынган. Анын ордуна убактылуу Эркебай Маткеримов дайындалган. Ошол учурда да курорттун кызматкерлери Маткеримовду бир жума бою жумуш ордуна кое беришпей, акырында милициянын жардамы менен эшикти бузуп, ордуна отургузулган болчу. (RsK)

 

XS
SM
MD
LG