Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:21

Бишкекте катуу шамал учурунда жабыркаган кыздын абалы оор


Шамалдан кийинки көрүнүш

Бишкекте жума күнү катуу шамал учурунда жараат алган 12 жаштагы кыз №3 балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Абалы оор. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кыздын үстүнө дарак кулаган. Андан тышкары, жабыркаган дагы эки бала ооруканада жатат. Алардын абалы орто. Эки чоң киши медициналык жардам алып үйгө чыгарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 23-июнь күнү түштөн кийин Бишкекте ылдамдыгы секундуна 21 метрге чейин шамал сокту. Андан дарактар кулап, автоунааларга, электр линияларына зыян келтирди. Катуу шамал Чүй облусунун аймагында секундуна 22, Ош облусунда 20 метрге жеткен. Анын кесепети такталууда. (SE)

XS
SM
MD
LG