Орусиянын Коргоо министрлиги Жер Ортолук деңизиндеги кемеден "Ислам мамлекети" радикал тобунун Сириядагы турумдарына ракета коё берилгенин маалымдады. 23-июнь күнү жарыяланган билдирүүдө айтылгандай, Хама провинциясындагы Акирабат районуна "Калибр" үлгүсүндөгү алты канаттуу ракета эки кемеден атылган. Орус күчтөрү буга чейин да мындай ыкманы колдонгон.
Ошондой эле, абадан урулган соккулардан бир канча жоочу жана алар баш калкалаган имараттар жок кылынганы маалымдалды.
Москва Сирия президенти Башар Асаддын режимин колдойт жана куралдуу кийлигишүүнү 2015-жылдын сентябрында баштаган.