Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Астанадагы медиа-форумда Сирия маселеси талкууланып жатат


Сириядагы согуш апааты.
Сириядагы согуш апааты.

Астана шаарында өтүп жаткан Евразия медиа-форумунда Сириядагы калаба талкууланууда. Эл аралык медианын өкүлдөрү жана медиа эксперттер "Сирия кризиси: согуштун аягы көрүнөбү?" деген темада талкуу жүргүзүп жатышат. Алар алты жылдан берки согушту токтотууга эл аралык коомчулуктун аракетинин жана салымынын күңгөй-тескейин сөз кылышууда.

23-июнда башталган форумга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Азербайжан жана Тажикстандан журналисттер, илимпоздор жана серепчилер барышкан.

Сирияда жарандык согуш 2011-жылы башталган. АКШ башында турган коалиция оппозицияны, ал эми Орусия, Иран президент Башар Асаддын режимин колдоп келет. Эл аралык коомчулуктун аскерий аралашуусу азырынча калабаны токтото алган жок. Исламчыл-согушкерлердин шаар-кыштактарды ээлеп алуусу абалды татаалдаштырып жиберген.

22-июнда Москва Сириядагы калабаны жөнгө салууга Кыргызстан менен Казакстандын аскерлерин да тартат деген маалыматтар чыкты. Бул тууралуу Орусиянын Мамдумасынын Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шаманов билдирип, сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген. Бирок кыргыз жана казак бийликтери муну четке кагууда. (SE\KJ)

XS
SM
MD
LG