Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Сузактын карылар үйүндөгү 70 жаштагы аксакал дайынсыз болууда

Жалал-Абаддын Сузак районунун Октябрь айылындагы карылар үйүндө жашаган 70 жаштагы Керимбай Сотонов 22-июндан бери дайынсыз. Бул тууралуу мекеменин директору Майрам Узакбаева "Азаттык" радиосуна билдирди.

Аксакал Аксы районунун тургуну. Кароосуз калгандыктан, быйыл февралда социалдык кызматкерлер аны карылар үйүнө алып келишкен. 22-июнь күнү сыртка сейилдегени чыккан бойдон келген эмес. Милицияга кабар берилген. Айрым күбөлөр аны Базар-Коргондо көргөнүн билдиришкен. 

Аталган карылар үйүндө 100гө чукул улгайган кишилер жашайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG