Орозо айт майрамында Кыргызстанда милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, өлкө боюнча абалга милиция кызматкерлери жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин адистери көз салышат.
Бишкекте намаз Эски аянтта окулат. Ага 60 миндей адам келери болжолдонууда. Ар бир киши атайын текшерүүдөн өткөндөн кийин гана киргизилет. Аянттын тегерегиндеги көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө коюлат.
Айт намазга чогулуу саат 6да башталат. Саат 7:30да намаз окулат.
Орозо айт 25-июнга белгиленген. (SE)