Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:11

Өзбек куудулу Обид Асомовдун телеге чыгуусуна уруксат берилди


Обид Асомов.
Обид Асомов.

Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Обид Асомов дээрлик 10 жылдык тыныгуудан соң кайра теледен чыкмай болду. "Миллий ТВ" (Улуттук ТВ) каналы анын катышуусундагы "Күлүш шарт" аттуу берүү 24-июнда эфирге берилерин маалымдады.

Белгилүү куудул, 54 жаштагы Обид Асомов он жылдан бери сахна жана телерадиолорго чыкпай калган. Ал өз улутундагы кемчиликтерди сатира менен сындап келет. Куудул катышкан көркөм фильмдер да эфирден алынып салынган. Бирок бул тыюу салуу жөнүндө өзүнө расмий эскертүү берилген эмес.

Андан бери Обид Асомов Москвага барып-келип, белгилүү "Кривое зеркало" шоусунда катышып жүрөт.

Буга чейин ушундай эле тоскоолдуктарга кабылган Юлдуз Усманова сахнага кайткан эле.

XS
SM
MD
LG