Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Өзбек бийлиги ырчыларга ырайым кылды


Юлдуз Усманова
Юлдуз Усманова

Өзбек бийликтери айрым ырчыларга сахнага чыгууга уруксат берди. Ал ортодо айрым өнөр адамдары президенттин милдетин аткарган Шавкат Мирзиёевдун каарына калганы айтылууда.

“Кара тизмеге” илинген Шерали Жураев, Юлдуз Усманова, Артык Атажанов, Бобомурод Хамдамов, Обид Асомов эми теле жана радиого да чыга алат.

27-сентябрда Өзбек ССРинин Эл артисти, Алишер Навои атындагы сыйлыктын лауреаты Шерали Жураев чоң сахнага чыгууга уруксат алды. Ал 1993-жылдан бери бийликтин "кара тизмесинде" эле.

Артист менен иштешкен продюсер Равшанбек Омоновдун билдиришинче, Жураевге жакшы кабарды президенттин милдетин аткарып жаткан Мирзиёевдун жардамчысы сүйүнчүлөгөн.

- Жакшы кабар уккан күнү Шерали Жураевдин үйүндө майрам болду. Канча жылдан бери тойдо гана ырдап калган ырчыга чоң сахнага жол ачылды. Мындан тышкары артисттин уулу Шохжахон Жураевдин да лицензиясын кайтарып беришти. Мен Шавкат Миромоновичтин жардамчысы чалган кезде Шерали Жураевдин жанында тургам, - деди Омонов «Азаттыктын» өзбек кызматына.

Ушул эле күнү өзбек бийликтери ырчы Юлдуз Усмановага да чоң сахнага кайтууга уруксат берген.

- Усманованын үйүнө «Узбекнавонун» лицензия берүү бөлүмүнүн кызматкери келди. Ал ырчыга гүл тапшырып, куттуктады. Усманованын көзүнө жаш тегеренип, Шавкат Миромоновичке ыраазы болду, - деди Осмонов.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын жазышынча, буга чейин 54 жаштагы эмгек сиңирген артист, белгилүү куудул Обид Асамов да сахнага чыгууга уруксат алган.

Өзбек акыны Мухаммад Исмоил «Азаттыктын» өзбек кызматы менен маегинде артисттердин сахнага кайтуусу Шавкат Мирзиёевдун амири менен ишке ашканын айтты:

Шерали Жураев ортодо
Шерали Жураев ортодо

- Мирзиёев болбосо муну эч ким кылмак эмес. Ал Шерали Жураевди абдан урматтайт. Жакында эле акын Халима Худойбердиеванын үйүнө барып, абалын сурады, - дейт акын Мухаммад Исмаил.

Мындан тышкары бийликтин уруксаты менен дагы эки артисттин Артык Атажанов менен Бобомурад Хамдамовдун да чоң сахнага жолу ачылган.

«Узбекнаводогу» «Азаттыктын» булагынын айтымында, уюмга Обид Асомовду, Шерали Жураевди, Юлдуз Усманованы, Артык Атажановду жана Бобомурод Хамдамовду мамлекеттик иш-чараларга катыштырууга буйрук келген.

- Министрлер кабинетинен чалышып, искусствонун бул ишмерлерин мамлекеттик иш-чараларга катыштырууну айтышты. Буга чейин жолотпой келген элек. Эми катабызды оңдоп жатабыз. Алар концерт берүүгө лицензиясын да кайтарып алышты, - деди атын атагысы келбеген булак.

"Узбекнаво" Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Тулкин Жабборовго да көңүл бурууга тапшырма берилген.

Продюсер Равшанбек Омоновдун билдиришинче, Тулкинбек Жабборов Шавкат Мирзиёевдун сүйүктүү ырчысы. Анын үй-бүлөлүк кечелерине үзбөй катышат.

- Эми Тулкин Жабборов сахнада өзгөчө статуска ээ болот го. Каримовдун өлүмү далай ырчынын багын ачты,- дейт продюсер Омонов.

Ал арада Ташкент мамлекеттик консерваториясынын атын атагысы келбеген окутуучусу «Азаттыкка» Шавкат Мирзиёевдин ачуусуна тийген өнөр адамдары да жок эместигин айтып берди:

Абдулазиз Карим
Абдулазиз Карим

- Ушул жылдын май айында мен министрлер кабинетинин жыйынына катышкам. Жыйындын акырында эмгек сиңирген артист Абдулазиз Карим тууралуу сөз болуп калды. Мирзиёев ырчынын түрк жарандыгын алганын катуу сындады. «Мекендин чыккынчысы» деп атады. Өзү киришип, Каримдин 2000-жылы алган «Нихол» сыйлыгын жана Эмгек сиңирген артист наамын жокко чыгарды.

Эске сала кетсек, акыркы он жылда Өзбекстанда бир нече өнөр адамы чыгармачылык ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берген лицензиясынан кол жууган. Алардын көбү мындай кодулоого мамлекеттик иш-чараларга жана аткаминерлердин тойлорунда ырдоодон баш тарткандан кийин кабылган.

XS
SM
MD
LG