Синоптиктер 24-25-июнь күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы болорун эскертти. Көпчүлүк аймактар жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар түшөт. Дарыяларда суу көбөйүп, тоолуу райондордо, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал.
25-июнда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15...+20, күндүз +25...+30;
Талас жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30;
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +28...+33;
Ысык-Көл дубанында +10...+15, күндүз +16...+21;
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз +3...+8 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 17…19, күндүз +28…+30 градус ысыйт.