Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Атамбаев майрамдык куттуктоодо ынтымакты коргоого чакырды


Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта президент миңдеген мекендештер жай аптабында кудайдын чоң сыноосунан өткөнүн белгилеген.

- Көп улуттуу кыргыз эли өз тарыхында көп сандаган маданияттар менен диний ишенимдерди, дүйнө таанымдарды баштан өткөргөн. Бардык маданияттарга, ишенимдерге сабырдуу мамиле жасап келген. Ошону менен катар өзүнүн эркин мүнөзүн, терең тарыхы менен маданиятын муундан муунга сактап жана мусулманчылыктын жакшы жөрөлгөлөрү менен шайкеш келтире алган. Ислам – тынчтыктын, ынтымактын жана жаратмандыктын дини. Демек, ар бир мусулман баласы сабырдуулуктун, адептүүлүктүн жана маданияттын өрнөгүн көрсөтүшү керек! Көп улуттуу кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын коргошу керек" ,- деп жазылган куттуктоодо.

Кыргызстанда Орозо айт 25-июнда белгиленет. (SE)

XS
SM
MD
LG