Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Алмазбек Атамбаев: Сирия боюнча маселе көтөрүлгөн эмес


Сириядагы согушту жөнгө салууга кыргызстандык аскерлерди жөнөтүү жаатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу маалыматты президент Алмазбек Атамбаев четке какты.

Москва Сириядагы калабаны жайгарууга Кыргызстан менен Казакстандын аскерлерин да тартат деген маалыматтар 22-июнда тараган. Орусиянын айрым сайттары муну Мамлекеттик думанын Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шамановго таянып билдирген.

Президент Атамбаев Татарстанга жасаган сапары учурунда 24-июнь күнү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мындай маселе эч качан көтөрүлбөгөнүн айтты:

- Эгер бул суроо талкууланганда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жалпы чечими, БУУнун резолюциясы болушу керек эле. Үчүнчүдөн, мындай маселени кыргыз парламенти чечет. Эгер учуру келип, ушундай жагдай жаралса, Кыргызстан аскер бөлүктөрдү жөнөтпөшү керек. Анда деле тажрыйба алмашууну, акча табууну каалаган, аскерлер барышы керек. Менин оюмча, бул ушундай маселе. Биз муну такыр талкуулаган жокпуз, угуп алып таң калдым,- деди мамлекет башчы.

Мурдараак казак бийликтери да маалыматты четке каккан.

Атамбаев: Сирия боюнча суроо көтөрүлгөн эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00

XS
SM
MD
LG