Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Атамбаев Сооронбай Жээнбековду президенттикке татыктуу талапкер деп атады


Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду алдыдагы президенттик шайлоо үчүн мыкты талапкер деп атады. Бул тууралуу Татарстанга жасаган сапарынын алкагында, 24-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты:

- Мен ишенем, КСДП курултайында ал кишини толук колдойт. Бул мамлекет үчүн жакшы тандоо . Ал тартиптүү, чынчыл адам,- деген Атамбаев Сооронбай Жээнбековду 1995-жылдан бери тааный турганын белгиледи:

- Ал кезде парламентте чогуу депутат болгонбуз. Ошол жылы "Реформа" деген фракция түзгөнбүз. Ага 70 депутаттын 29у кирген. Бул ошол кездеги президентке жаккан эмес. Сооронбай Жээнбеков менин орунбасарым болгон. 20 жылдан ашуун убакыттан бери аны акыйкатчыл адам катары тааныйм.

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке Сооронбай Жээнбековду сунуштаган. Бул маселе эми 15-июлда партиянын курултайында каралып, чечим кабыл алынат.

22-июнда Социал-демократиялык партиянын саясий кеңешинин төрага орун басары алмашып, парламент спикери Чыныбай Турсунбековдун ордуна президенттин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Фарид Ниязов шайланган.

Бышыктала элек маалыматтарда Турсунбеков да президенттикке ат салышары айтылып жүрөт. Талапкерлерди каттоо 15-июнда башталган. Тактыга ат салышчулардын катарында бир нече белгилүү саясатчылардын аты аталууда. (AzK\SE)

Атамбаев: Жээнбеков президенттикке татыктуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

XS
SM
MD
LG