Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 21:04

Жонни Депп олдоксон азил үчүн Трамптан кечирим сурады


Жонни Депп

Голливуд киножылдызы Жонни Депп АКШ президенти Дональд Трамп жөнүндө айткан шакабасы үчүн коомчулук алдында кечирим сурады.

23-июнда Британиянын Гластонбери шаарында өткөн музыка фестивалына катышкан Депп "Америкада көптөн бери актерлор президентти өлтүргөн жок, эми убактысы келди" деп тамашалаган болчу. Актер мунун орунсуз шакаба экенин айтып, президенттен кечирим сурады.

Актердун бул сөзүнө Ак үй реакция жасап, "президент дайыма зомбулукту айыптап келгенин, бирок Депп жана башкалар андай кылбай жатканын" билдирген.

1865-жылы америкалык актер Жон Бут спектакль маалында АКШ президенти Авраам Линкольнду атып өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG