Мамлекет башчы менен жолугам деп бүгүн Арашан айылына барган Бишкек шаарынын тургуну Жамал Токтонасырованы күч кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” өзү кабарлады:
- Бир кара машина келип, ичинен 7-8 бала чыкты да буту-колумду сүйрөп, улак салгандай кылып эле машинага салып кетишти. Эшиги да жабылган жок. Белимди бурап, бутумду кайрып киргизишти, эшиги ошо бойдон ачык барды. Мен эч кимди урбасам, чаппасам... Жолдун жээгинде эле тургам. 35 жолу кат жазгам, 2 жолу телеграмма жөнөткөм. Үнүм жетпей жатканынан өзүнө кат берип көрөйүн деп такси менен барган болчумун.
Токтонасырованын айтымында, анын жалгыз уулун 8 жыл мурда Бишкектин 6-кичи районунан өлтүрүп кетишкен. Кылмышка шектүү дегендер кармалып, бирок кийин соттон акталып, бошотулган.
Бүгүн президент Атамбаев Арашандагы мечитке айт намазга барды.
Токтонасырова ал жакка такси жалдап барганын, колундагы катын гана тапшыруу максаты болгонун, кармап кеткендер Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрү экенин айтууда.
Учурда Ал Чүйдүн Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгында олтурат.
“Азаттык” бул окуяга байланыштуу комментарий сурап облустук ички иштер башкармалыгына кайрылды. Азырынча жооп боло элек.
Мамлекеттик күзөт кызматы президент, Жогорку Кеңеш төрагасы, премьер министр жана Жогорку Сот жетекчисинин коопсуздугун кайтарууга милдеттүү. Аларга керек учурда күч колдонууга уруксат берилген, бирок мындай укуктун чектери да аныкталган. (RK)