Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:00

Пакистанда бензин ташыган унаа аңтарылып кетип, ошол жерден чыккан өрттөн кеминде 120 адамдын өмүрү кыйылды, дагы жүзгө жакыны ооруканага түштү.

Окуя бүгүн өлкөнүн ири шаарларынын бири, калкы 3 миллиондон ашуун Мултандан 100 чакырым түштүк-батыш тарапта болду. Күбөлөрдүн айтымында, автоунаа катуу ылдамдыкта келатып аңтарылып кеткен.

Полиция өрт чыккан жерди курчап, эч кимди жолотпоого аракет кылса да төгүлгөн бензинден чогултуп алууну каалагандар көп болуп, жабыркашты.

Өрттүн тутанышына чылым чегүү себеп болгону, каза тапкандардын айрымдары таанылгыс болуп күйүп кеткени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG