Бишкекте орто мектепти мыкты аяктаган бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Шаар мэри Албек Ибраимов билими менен айырмаланган улан-кыздарды куттуктап, ата-энелер менен мугалимдерге рахмат айтты жана бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалады.
Быйыл Бишкекте 9-классты 10 миңдей, 11-классты 5 миңге жакын бүтүрүүчү аяктады.
Алардын 57си өзгөчө аттестатка татыды.
Буга чейин бул улан-кыздар шаардык жана республикалык олимпиадаларга ийгиликтүү катышып келген.
Өзгөчө аттестат жогорку окуу жайларга өтүүдө айрым жеңилдиктерди берет.
Жалпысынан быйыл Кыргызстанда 9-классты 90 миң, 11-классты 60 миңдей бүтүрүүчү аяктады. (RK)