Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Өспүрүм айдоочу катышкан жол кырсыгы иликтенүүдө


Бишкек
Бишкек

Бишкек шаардык милициясы өспүрүм айдоочунун катышуусу менен болгон жол кырсыгынын себебин иликтеп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” шаардын патрулдук милициясынын башчысынын орун басары Биялы Жунушев билдирди.

Окуя жекшембиге караган түнү Анкара көчөсүндө болгон. Тойота маркасындагы жеңил унааны 14 жаштагы өспүрүм бала айдап баратканы аныкталды.

Кырсыктан беш адам жабыркап, ооруканага жаткырылды. Уна камакка алынды.

Мыйзам боюнча айдоочулук күбөлүк 18 жашка чыкканда гана берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG