Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Караколдо бир адам сууга чөгүп каза болду


Ысык-Көлдө куткаруучулар чөгүп кеткен адамдын сөөгүн таап, жакындарына өткөрүп беришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облус боюнча жетекчиси Замирбек Жумагазиевдин “Азаттыкка” айтымында, окуя 23-июнда болгон.

Жети-Өгүз районунан беш адам Каракол шаарына эс алганы келген. Алардын бири, 21 жаштагы Кутман Таалайбеков сууда сүзүп жүрүп теплоходдор чыга турган жайдын жанындагы терең жерге чөгүп кеткен.

Издөө иштери кечке чейин уланып, жыйынтык берген эмес, сөөк ишемби күнү гана табылган. (AsM)

XS
SM
MD
LG