Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:34

Пакистандагы кырсыктан өлгөндөрдүн саны бери дегенде 148 кишиге жетти. 25-июнда эртең менен эрте канжолдо бензин тарткан цистерна аңтарылып, кийин өрт чыккан. Полиция кырсык болгон жерди курчоого алганы менен, жакын жерде жашаган айылдыктар кара май куюп алууга аракеттенип жаткан кезде машина жарылып кеткен. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өрт чыкканда 500дөй киши бар болчу деп билдиришти.

Ондогон киши жарааттар менен ооруканаларга жеткирилди. Окуя көп калктуу Мултан шаарынан 100 километрдей алыс жерде болгон.

XS
SM
MD
LG