АКШ Пакистанда 23-июнда болгон кол салууларды катуу айыптады. Парачинар жана Кветта шаарларындагы теракттар 85 кишинин өмүрүн алып кеткен.
Түндүк-батыштагы Парачинар шаарындагы базарда болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти суннилердин ашынган "Лашкар-и Жангви" уюму алды. Кветтада дүрмөттөлгөн машина жарылганда 13 киши, ичинде 7 полициячы мерт кеткен. Кол салууну талиптерден бөлүнүп чыккан топ жана “Ислам мамлекети” экстремист уюму уюштурушканын билдиришкен.
Ак үй 25-июнда жасаган билдирүүдө атайылап тынч адамдарды бутага алган ал чабуулдар “региондогу террорчулук жараткан коркунуч жөнүндө дагы бир жолу эскертти”, “биз террорчулукка каршы күрөштө Пакистан эли менен биргебиз” деп айтылат.