Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Ракка чалдыккандар үчүн нур терапия борборун ачууга каражат чогултулууда


Онкология борборундагы иш бөлмө
Онкология борборундагы иш бөлмө

Бишкекте Нур терапия борборун ачуу боюнча социалдык-инвестициялык долбоор иштей баштады. Ал онкологиялык илдетке чалдыккан бейтаптарга жогорку технологиялык аппараттар менен анча кымбат эмес акы төлөп нур терапиясын алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Долбоордун болжолдуу баасы 10,5 млн доллар, анын 2 млн долларын жергиликтүү каржы мекемелери жана бизнесмендерден чогултуу пландалууда.

Ал эми калганын ири эл аралык каржы институттары бөлүп берет.

Онкология боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, 2014-жылы 148 бала рак илдетине чалдыкканы аныкталса, 2015-жылы бул көрсөткүч 190го жеткен.

Учурда 25 миңден ашуун адам түрдүү онкологиялык оорулар менен доктурлардын каттоосунда турат. (RK)

XS
SM
MD
LG