Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

ИИМ: Улут аралык кастыкты козуткандар кармалды


Улут аралык кастыкты жана жек көрүүчүлүктү козуткан эки адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл июнь айында айрым колдонуучулардын интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу Кыргызстандын мамлекеттик символикаларын мазактап, орой шылдыңдап бир нече комментарий жазганы коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылган.

“ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери интернетте улут аралык кастыкты козуткан жана сыйлабаган мамилесин көрсөткөн адамдарды аныктады. Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында эки адам кармалды” деп айтылат мекеменин маалыматында.

Бул факт боюнча чогултулган материалдардын баары юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү тергөө органдарына жөнөтүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG