Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

ИМ тобунун активдүү мүчөсү деген кыргызстандык 8 жылга соттолду


Сириядагы жаңжалга катышып жүргөн борборазиялыктар.
Сириядагы жаңжалга катышып жүргөн борборазиялыктар.

Ош облустук сотунун 21-июндагы чечими менен Араван районунун тургуну сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттолгон адам 2013-жылы Кыргызстандын бийлигине жана укук коргоо органдарына каршы "жихадга" чакырган, светтик мамлекеттик түзүлүштүн эрежелерине каршы чыккан, ошондой эле өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топтун буйругу менен айылдашын Сирияга жөнөткөн деген негизде күнөөлүү деп табылды. Ал Сирияга жиберген адам 2013-жылдын 18-декабрында Ош-Стамбул багыты боюнча учуп кеткен.

Ишти алгач Араван райондук соту карап, быйыл 24-майда бул адамды Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси, анын ичинде "улут аралык, расалык, диний жана аймактык кастыкты козутуу", "террордук топторго жалдануу" боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок үч жыл шарттуу түрдө жаза мөөнөт берген. Райондук прокуратура буга макул болбой, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылган.

Ош облустук соту аны катаал режимдеги түзөтүү колониясына сегиз жылга кести.

УКМКнын маалыматы боюнча, ушу тапта Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашуун. (NT)

XS
SM
MD
LG