Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Кочкордогу жол кырсыгынан германиялык турист каза тапты


Нарын облусунун Кочкор айылындагы жол кырсыгынан 33 жаштагы германиялык турист аял каза тапты. Облустук Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторовдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, кырсык 25-июнда күндүзгү саат 12.40 чамасында болгон.

Кыргызстанда саякаттап жүрүшкөн германиялык үч турист Кочкор айылына келип, мейманкананы көздөй баратканда аларды эски мал базардын жанынан "Ауди" үлгүсүндөгү машине сүзгөн.

Натыйжада 1984-жылы туулган аял алган жараатынан окуя болгон жерде мерт кеткен, эки киши райондук ооруканага жеткирилген. Алардын бири реанимацияда, экинчиси хирургия бөлүмүндө жатат. Аларды коюп кеткен автоунаанын айдоочусу, Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын 20 жаштагы жашоочусу да ооруканага түшкөн.

Божомол боюнча айдоочу рулду башкара албай, жол жээгиндеги шагыл машинаны капталга тартып кетип, туристтерди сүзгөн болушу мүмкүн. Айдоочуну текшерген маалда соо экени аныкталган.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду, бардык чогултулган материалдар райондук милициянын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG